Эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм компьютердик клубдан табылды
RU

Эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм компьютердик клубдан табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Ысык Ата районунун Рухий Мурас-2 жаңы конушунда 15 жаштагы Эрбол Эркинбеков аттуу бала 2023-жылдын 23-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткан.

Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан 24-май түнү саат 03:00 чамасында дайынсыз жоголгон өспүрүм Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энесине өткөрлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12505