Бишкекте ВИЧке акысыз текшерүү өтөт
RU

Бишкекте ВИЧке акысыз текшерүү өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын базарларында АИВке (ВИЧ), вирустук гепатиттерге жана сифилиске акысыз тестирлөөдөн өтүүгө болот. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору маалымдайт.

Кабыл алуу мобилдүү дарылоо-профилактикалык клиниканын (МДПК) базасында жүргүзүлөт.

Тестирлөө өткөрүүнүн графиги жана орду:

  • "Ош-базары" соода комплекси – 22-майдан 26-майга чейин;
  • "Дордой-Дыйкан" соода комплекси – 29-майдан 31-майга чейин;
  • "Сары-Өзөн" соода комплекси – 1-июндан 5-июнга чейин;
  • "Аламедин базары" соода комплекси – 5-июндан 9-июнга чейин.

Бардык каалоочулар консультация алып, АИВке (ВИЧ), вирустук В жана С гепатиттерине, сифилиске экспресс ыкмасы аркылуу тестирлөөдөн өтсө болот. Ошондой эле терапевттин консультациясын алуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12511