"Акыркы коңгуроого" байланыштуу Бишкекте посттор коюлду
RU

"Акыркы коңгуроого" байланыштуу Бишкекте посттор коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери бүгүн, 25-майда "Акыркы коңгуроо" аталышында рейд уюштурду. Аталган башкармалыктан белгилешкендей, Бишкек шаарынын кире беришине жана чыгыш тарабына атайын күзөт посттору орнотулду.

Посттордон өткөн унаалар текшерилип, мектеп окуучулары жүргөн унаалар аныкталган жерлерге мугалимдер жана ата-энелер чакыртылып түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бүтүрүүчүлөрдүн майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуу жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа башкаруу менен ар кандай мыйзамсыз иштерге баруу коркунучтары алдын алынууда.

Рейддин максаты - жаш өспүрүмдөрүнүн жол-транспорт кырсыктарына кабылуусун алдын алуу дешет кайгуул кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12515