"Эмгек" партиясы үч экс-мэр Түлеев, Суракматов жана Салымбековдун жолугушуусун түшүндүрдү
RU

"Эмгек" партиясы үч экс-мэр Түлеев, Суракматов жана Салымбековдун жолугушуусун түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эмгек" саясий партиясы "Ак Бата" партиясынан депутаттыкка талапкер жана экс-мэрдин билдирүүсүнө өз комментарийин беришти.

Эске салсак, "Эмгек" жана "Ак Бата" партиялары шайлоодо жеңишке жетишсе Шаардык кеңеште коалиция түзүү тууралуу келишип алышкандыгы тууралуу "Ак Бата" партиясынын пиар бөлүмү билдирген.

"Ак Бата" штабы берген маалыматка ылайык, Нариман Түлеев менен Аскар Салымбеков буга чейин Шаардык кеңештеги кызматташуусун талкуулашкан. Алар Салымбековдун партиясы Түлеевдин кандидатурасын мэрдин кызматына талапкерлигин колдой тургандыгын макулдашып алышкан.

"Эмгек" партиясы Kaktus.media'га кесиптештеринин билдирүүсүнө өз комментарийин беришти.

"Биринчиден "Эмгек" партиясы шайлоонун расмий жарыяланган жыйынтыктарын күтүүнү туура көрөт. Андан кийин гана Бишкек шаардык кеңеште иш алып баруу форматы талкууланат.

Ал эми "Ак Бата" партиясынын лидери Нариман Түлеевдин билдирүүсү боюнча айта турган болсок, бул анын жеке пикири жана каалоосу. Биз өзүбүздүн шайлоо алдындагы программабызды сапаттуу ишке ашыруу жана шаардыктардын кызыкчылыгын коргоо багытын гана көздөйбүз", - деп "Эмгек" партиясы баса белгиледи.

Ал эми Түлеев, кийинчерээк бул жолугушууну макулдашуу деп айтмак эмесмин, деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1251