Садыр Жапаров жана анын командасы кайрадан футбол ойнойт. Беттештин графиги
RU

Садыр Жапаров жана анын командасы кайрадан футбол ойнойт. Беттештин графиги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-28-майда Бишкекте салттуу футбол боюнча "Мурас" достук турнири өтөт. Ага коомдун ар кыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнөн чогулган 16 команда катышат: Президенттин командасы, маданият, бизнес, ЖМК, спорт федерацияларынын өкүлдөрү, футбол ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, облус жетекчилери жана шаарлар, дин кызматкерлери, медициналык жана жогорку окуу жайлары. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл катышуучулардын катарын "Курултай" командасы толуктады. Расмий чүчү кулак 24-майда болуп, анда 16 команда төрт топко бөлүнүп, беттештердин графиги коомчулукка жарыяланды.

Оюн эки курам менен өтөт - негизги жана 40 жашка чейинки катышуучулар. 26-27-май күндөрү Кыргыз футбол союзунун футбол борборунда 40 жашка чейинки курамдар арасындагы беттештер өтөт.

Негизги команда 27-28-майда "Газпром" ден-соолукту чыңдоо комплекси жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун имаратында ойнойт.

Оюндарды УТРК Спорт телеканалы көрсөтөт. Ал эми оюнга баары күбө боло алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12524