Равшан Жээнбековдун жубайы кармалды. Айрым маалыматтар ачыкталды
RU

Равшан Жээнбековдун жубайы кармалды. Айрым маалыматтар ачыкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-майда Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева УКМКга суракка чакыртылып, андан соң камакка алынды.

Уулу Азат Жээнбековдун айтымында, апасы менен адвокаттын жолугушуусуна уруксат берилген эмес. Эртең жолугууга уруксат берилиптир. Азат Жээнбеков апасынын кармалышын Next TV ишине байланыштуу болушу мүмкүн дейт.

Эске салсак, УКМК телеканалга карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, Next TV социалдык тармактарында Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берүү менен Кыргызстандын Россияга "атайын операция" учурунда аскердик жардам көрсөтүү боюнча болжолдуу келишими тууралуу ишенимсиз маалымат жарыяланган.

Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад окуясы боюнча учурда СИЗОдо. Саясатчы Ленин районундагы парламенттик шайлоого да катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12530