Камчыбек Ташиев ден соолугу, кызматы, убактысы эмнеге аз калганы тууралуу айтып берди
RU

Камчыбек Ташиев ден соолугу, кызматы, убактысы эмнеге аз калганы тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына ачык маек курду. Анда "убактым аз калды" дегенин кененирээк түшүндүрүп, саламаттыгы, кызматы тууралуу айтып берди.

Ден соолугу тууралуу

"Кызматтан физикалык жактан чарчаган жокмун. Бирок ачыгын айтыш керек, коомчулук деле билет, акыркы убакта мени ден соолугум бир аз чарчатты. Ден соолугумдун начарлашына да жумуш себеп болушу мүмкүн. Күнү-түнү иш, нерв болосуң. Бир эле күндө чоң кылмыштардан 10 факты катталса, барына тең карап, талдап, тапшырмаларды бересиң. Кээде үйгө барбайбыз. Жумуш оор. Бирок даттанбайбыз, себеби өзүбүздүн тандообуз. Мамлекет үчүн, эл үчүн акырына чейин кызмат кылабыз".

"Убактым аз калды" деген посту боюнча

"Мен жазган маалымат эки ача пикир калтырышы мүмкүн эмес. Биз буга чейин деле иштерди аткарып келгенбиз, бирок жабык түрдө аткарабыз. Мага ушул суроону көп беришти. "Эмне үчүн убакыт аз калды? Эмнеге аз калды? Жеке өзүңүз жөнүндө айтып жатасызбы?" дешти. Мен жеке өзүм тууралуу айтып жатам. Баары жумушка байланыштуу. Жеке турмушумду коомчулукка чыгара албайм. УКМКны башкаруу убактысы менде азайып жатат. Бул жерде түбөлүк отурбайм да. 10-15 жыл отурбайм. Билинип, билинбей эле 2,5 жыл өтүп кетти. Биз шашышыбыз керек. Бирок мен отурган убакытта көп нерсеге үлгүрүшүм керек. Күндөн күнгө күн азайып жатат. Коррупцияонерлердин, бандиттердин, мамлекетке зыян келтиргендердин тамырын кыркышым керек. Кызматтан кеткенден кийин ошол адамдар мага эле эмес, коомубузга да зыянын тийгизе албай тургандай болушу зарыл. Мына ушуга убакыт аз калды".

Жемкорлук менен күрөшүүнүн экинчи этабы кандай болот?

"Кызматка жаңы келгенде Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, жемкорлук, оор жана өтө оор кылмыштар менен күрөшүүнү 3 этапка бөлгөнбүз. Биринчиси, күрөштү системага салып, багытыбызды аныкташыбыз керек. Катуу иштесек 2-3 айда же 6 айда тып-тыйпыл кылып коёбуз деп ойлогонбуз. Бирок күрөш 2,5 жарым жылга созулду. Биринчи этапта биз кылмыштуулук менен кантип күрөшүү керек, мыйзам жолуна кантип салуу керектигин түшүндүк. Мен азыр баарын билем. Эми биз тармактарга киришип, ал жактагы жемкорлук менен күрөшөбүз. Күчөтүп, мыйзамдын толук күчүн пайдаланабыз. Тагыраагы, буга чейин 100 миң сом жесе мамлекеттин бюджетине 500 миң сом төлөтүп туруп, жеңилирээк жаза менен кутулуп кетчү. Экинчи этапта андай болбойт. Коррупционер колго түшсө, болгон мал-мүлкү конфискацияланып, мыйзам чегиндеги жаза өтөө мөөнөтү колдонулат. Мындан ары жемкорлук, менен биздин колубузга түшкөн адам чыкпайт, бүттү. Мен ушуну камсыз кылам. Андан тышкары аткезчилик, алдамчылыкка айыпталгандарды, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн түрмөгө эле кесип койбошубуз керек. Келтирилген зыяндын ордун толтуртуу зарыл.

Коррупция менен күрөшүүдө канча каражат топтолду?

"1 жылда коррупциядан түшкөн каражат 200 миллион сомго жетчү эмес. Ал эми биз 2 жылда 11 миллиарддан ашык акча топтодук. Мындай акчаны мамлекетибиз дагы, атайын кызматтагылар да өмүрү көргөн эмес. Бул акча коррупционерлерден түшүп жатат. Мени "бир сом акча алдың" деп күнөөлөй албайт. Бирөөдөн 1 тыйын, 1 сом акча албайм. Түшкөн акчанын баарын мамлекетке жөнөтөм же УКМКга колдоном. Башка маселе жок. Эч ким мени коррупционер деп айта албайт. Чындыгында ушундай. Мамлекеттин кызыкчылыгы турган кезде дос, жар, тааныш ойнобош керек. Ошондо жыйынтык болот. Мамлекет оңолот, буюрса".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12533