"D BILLIONS" командасынын дүйнөлүк турнеси башталат. Даярдыктар жана пландары
RU

"D BILLIONS" командасынын дүйнөлүк турнеси башталат. Даярдыктар жана пландары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"D BILLIONS" командасы дүйнөгө кыргыз тилин жайылтууга кызыкдар. Бул максатта YouTube`дан кыргыз канал ачып, миллиондогон көрүүчүлөрдү топтоп жатат. Бул тууралуу аталган команданын жетекчиси Акбар Сүйүнбаев Kaktus.kg редакциясына берген маегинде билдирди.

Казак, түрк тилдеринде канал ачпайбыз

Акбар Сүйүнбаев алдыңкы 10-15 жылда казак, түрк тилдеринде канал ачылбай турганын айтты. Ал казак бийлигинен көптөгөн сунуштар келгенин кошумчалап, мунун баары кыргыз тилин дүйнө жүзүнө таанытуу максатында дейт. Ал учурда кыргыз каналда эле 150 миллион көрүү, 400 миңден ашуун катталуучу бар экенин айтып, кыргыз тилин көп көргөн өлкө - Индия, Кытай болуп жатканына токтолду.

"Биз эмнеге казак, түрк тилдеринде канал ачпайбыз? Себеби, балдардын контенти аркылуу кыргыз тилин дүйнө жүзүнө жайылткыбыз келет. Биз кыргыз каналын жаңы ачканда кыргыз тилине болгон кызыгуу мынчалык болот деп күткөн эмеспиз. Аз убакыт аралыгында көп көрүү жана катталуучуларды топтой алдык. Биз күтпөгөн өлкөлөр кыргыз каналын көрүп жатышат. Бул бизге дагы да дем берип, дагы сапаттуу иштөөгө түрткү болуп жатат", - дейт Сүйүнбаев.

Жетекчи командада жалпы 400 адам иштерине токтолду. Ал 18 тилде канал ачылганын маалымдап, лингвисттер дагы иштешерин айтып берди.

"Кичинекей эле топ менен баштаганбыз. Кийин көбөйүп отуруп, азыр 400дөй адам кадимки тартипте иштейт. Ар бир тил боюнча лингвисттер иш алып барат. Чыгарма даяр болгондо аниматорлордон тартып, үн коштоочулардын сөздү туура айтышына чейин көңүл бурушат", - дейт Сүйүнбаев.

Башында өзүбүз сценарий жазып, өзүбүз аткарып, өзүбүз монтаж кылчубуз

Акбар Сүйүнбаев команданын ийгилигинин аркасында көптөгөн кыйынчылыктар болгонуна токтолду. Ал "D Billions" долбооруна чейин бул сындуу беш долбоор менен иш алып барышканын айтып, алды 43 миллион катталуучуга чейин топтолуп калган учурда YouTube`дун талаптары өзгөрүп, аракеттер текке кеткени тууралуу ой бөлүштү.

"Биз "D Billons`ту" чыгарып эле ийгиилкке жетип кеткен жокпуз. Анын артында эмне деген гана түйшүктөр, ачка күндөр, уйкусуз түндөрдү көрдүк. Ал каналдар күйүп кеткенден кийин көрүүдөн түшкөн каражаттар да күйүп кеткен. Бирок биз муну менен эле токтоп калган жокпуз. Издендик, YouTube`дун мыйзамдарын изилдедик" - дейт ал.

"D billons" командасын түзүүгө өзүбүздүн балдар түрткү болду

Сүйүнбаев команданы түзүүгө эмне түрткү болгонуна токтолду.

"D billons" командасын түзүүгө өзүбүздүн балдар себепчи болду. Анткени, азыр баары смартфонду карап калган заманда балдарыбызга тарбиялык мааниси бар, маңыздуу нерселерди көрсөтүү керек. Башка каналдарды карасак көп туура эмес жактары бар экен. Балдарга терс таасир алып келчү маалыматтар көп, арасында кыргыздардын адеп-ахлагына туура келбеген нерселерди көрдүк. Ошонун барын эске алып анан бул команда түзүлдү", - дейт.

Акбар Сүйүнбаев акыркы жылдары гана долбоор Кыргызстандыкы экенин дүйнө биле баштаганына токтолду.

"Акыркы жылдары гана Кыргызстандык долбоор экенибизди биле башташты. Ага чейин ар бир чет мамлекет долбоорду өздөрүнө энчилегенге аракет кылган. Ошол эле Россия, ошол эле Америка, Вьетнам жана башка. Арасында Кытай, Казакстан дагы бар. Бирок бул нерсе бизге жашыруун болуп турганы жакшы болду. Себеби, биз аны менен элдердин кызыгуусун дагы да жараттык", - деп кошумчалады ал.

Дүйнөлүк турне көптөн бери планда бар болчу. Ал өзүбүздүн мекенибиз Кыргызстандан башталат. Буга ылайык, 1-июнда Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянтында "D Billions" командасы "Балдарды коргоо күнүнө карата акысыз майрам тартуулайт.

Сүйүнбаев дүйнөлүк турнеге жогорку деңгээлдеги даярдык жүрүп жатканын айтып, анда кыргыздын салт-санаа, үрп-адаттарын да жайылтуу аракети турганын белгилеп өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12542