Азамат Байматов: Курама европалык тажрыйбасы бар оюнчуларга муктаж
RU

Азамат Байматов: Курама европалык тажрыйбасы бар оюнчуларга муктаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын мурунку капитаны, борбордук коргоочу Азамат Байматов 4 жыл тыныгуудан кийин улуттук курамга кайтып келди. Бул футбол күйөрмандарын бирин сүйүндүрсө, айрымдапдын "жаштарга орун берсе болмок" деген пикирлерин жаратты. Мындан улам Kaktus.kg редакциясы футболчу менен маектешип, эмне үчүн кайра командага кошулуп жатканы тууралуу окурмандардын суроолоруна жооп алды.

Саламатсызбы, Азамат мырза. Мына CAFA турнирине ойной турган оюнчулардын тизмеси дээрлик белгилүү болуп калды. Алардын катарында сиз бар экениңиз көптү кубандырды. Төрт жыл тыныгуудан кийин эмне өзгөрдү? Даярдыгыңыз кандай?

- Саламатсызбы! Бул суроо мени мындай ойго түрттү: Америкалык баскетболчу Майкл Жордандын киносу чыккан "Last dance" деген. Анда ал беш жолу чемпион болуп туруп, эки жылга тыныгуу алган. Командага кайра келип, анан спорттук карьерасын жыйынтыктаган.

Чындыгында 2019-жылы акыркы жолу ойногом. Андан кийин пандемия болду. Ал учурда мен Малайзияда болчумун. Негизи жаш футболчуларга орун берейин деп кеткем. Ошол жылдары көбүнчө чет мамлекетте жүрдүм. Клубдагы карьерама көп көңүл бурууга аракет кылдым. Тажрыйба топтодум.

2019-жылдан кийин кайсыл клубдарда ойнодуңуз?

- 2019-жылы Тажикстандын клубунда ойнодум. Андан соң, 2020-жылы пандемия учурунда Куала-Лумпурда ойнодум. Кийин Индонезияда ойноп келип, 2022-жылы "Нефтчи-Кочкор-Ата" клубуна келгем. Быйыл "Алга" клубунда ойноп баштадым. Кыргыз премьер-лигасында (КПЛ) жакшы оюн, жыйынтык көргөзүп жатканым үчүн мени курама командага чакырды деп ойлойм. Азыр футболчу канча километр чуркады, анын темпи, канча гол киргизди, канча гол үчүн пас берди, ошого карайт эмеспи. Ошондуктан курамага чакырылганыма кубанып жатам.

Азамат Байматовдун курамага келишин айрымдары кубаттаса, экинчилери "жашы өтүп баратат, жаштарга орун бербейби?", - деп жатышат. Буга кандай жооп берет элеңиз?

- Мен барын түшүнөм. Бул суроого жаңы машыктыруучу жакшы жооп берди. Биз европалык футболго ыкташыбыз керек. Себеби, дүйнөнүн мыкты футболчулары европалык клубдарда ойногондор. Ошондуктан биз европалык тажрыйбалуу адистерге муктажбыз.

- КПЛдин деңгээли кандай болуп жатат?

- Акыркы эки жылда КПЛ аябай күчтүү болуп калды. 10 команда бири-бирине тең тайлаш. Маселен "Дордой" клубу Кыргызстанда эң көп титулу бар клуб. Мен арасында беш жолу чемпион болгом. Азыр "Дордой" жетинчи орунда турат. Бул биздин КПЛдин чемпионаты күчтүү болуп бара жатат дегенди түшүндүрөт. Медер Сыдыков президент болуп келгени - клуб аралык футболду күчтөнтүү керек деген милдетти алган. Ал өз ишин мыкты аткарып жатат. Азыр клубдун чемпиону менен вице-чемпиону АФКга (эл аралык) катышат. Буга чейин мындай болгон эмес. Негизи кандай клубдагы оюндар күчтүү болсо ошончолук улуттук курама күчтүү болот. Биз ал үчүн легионерлерди алып келишибиз керек. Ошондо атаандаштык күчөйт.

Бизде легионерлердин ордун баса турчу, жаштарга үлгү болуп, мотивация бере турчу оюнчулар жокпу?

- Мисалы биз жакшы билим алып келиш үчүн чет мамлекетке кетебиз. Ошол эле нерсе - мыкты тажрыйба топтоо үчүн чет мамлекеттерде ойноп, күчтүү клубдарда ойноп, күчтүү оюнчулар менен аралашсак өсөбүз. "Дордой" клубу биринчи Кыргызстанга легионер алып келген. Бул маркетинг, мен мындай нерсени колдойм.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12544