Садыр Жапаров мектептерде акча чогултууга тыюу салып, бюджеттен каражат бөлүүнү тапшырды
RU

Садыр Жапаров мектептерде акча чогултууга тыюу салып, бюджеттен каражат бөлүүнү тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкта белгиленгендей, балдардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган акысыз мектепте билим алуу укугун сыйлоо максатында: мамлекеттик билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) төмөнкүлөргө тыюу салынсын:

  • акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу;
  • мектептерде коомдук фонддорду түзүү;
  • мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына (1-класстан 11-класска чейинки мектептер) зарыл болгон тиричилик буюмдарын оңдоого, коргоого жана сатып алууга каражаттар мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүгө тийиш деп белгиленсин.

Билим берүү жана илим министрлигине төмөнкүлөр тапшырылсын:

  • бир айлык мөөнөттө мыйзам бузууга жол берген адамдардын жоопкерчилигин караган мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын чогултууга тыюу салган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизсин;
  • мамлекеттик билим берүү мекемелеринде акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жол бербөө боюнча иштерди күчөтүү;
  • Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери, райондордун жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн (борборлорунун) башчылары, мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептер) жетекчилери тарабынан ушул жарлыктын талаптарынын аткарылышына көзөмөлдү күчөтсүн;
  • буйрукка кол коюулаары менен мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептердин) жетекчилерине жеке тааныштырсын;
  • мамлекеттик билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча чогултуу маселелери боюнча ишеним телефонунун ишин уюштуруу.

Мамлекеттик билим берүү уюмунун (1-класстан 11-класска чейинки мектептердин) педагогикалык курамына жана административдик кызматкерлерине:

  • окуучулардын ата-энелеринен (аларды алмаштырган адамдардан) мыйзамсыз акча каражаттарын өндүрүүгө;
  • каржы маселелерин кароодо камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин ишине катышуу;
  • ата-энелер комитеттеринин арасында окуучулардын ата-энелеринен (аларды алмаштыруучу адамдардан) мыйзамсыз акча чогултууга жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • жарлыкты кол коюу менен мамлекеттик жалпы билим берүү уюмунун ар бир педагогикалык кызматкеринин назарына жеке жеткирүү.

Жарлык "Камкорчулар кеңеши жөнүндө" жана "Меценаттык жана кайрымдуулук иштери жөнүндө" мыйзамдарга ылайык инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептердин) жетекчилери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга жайылтылбайт.

Министрлер Кабинетине үч айдын ичинде төмөндөгүлөр тапшырылды:

  • өзүнүн ченемдик укуктук актыларын жарлыкка ылайык келтирсин;
  • бул жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл чаралар көрүшсүн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12549