Мектеп-интернаттын директору кол алдындагылардын айлыгынан алып турганга шектелүүдө
RU

Мектеп-интернаттын директору кол алдындагылардын айлыгынан алып турганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору мугалимдерден системалуу түрдө акча талап кылганга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Маалымдалгандай, 24-майда УКМКнын кызматкерлери тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда интернаттын директору Ч.Ч.А. кармалды.

Такталгандай, көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кызматка дайындалган учурдан тартып, тагыраагы, 2023-жылдын февраль айынан баштап ар кандай шылтоолор менен кол алдындагыларды айлык акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүгө мажбурлаганы аныкталды.

Бул мектеп-интернаттын мугалимдеринин орточо маянасы 20 миң сомдун тегерегинде экендигин белгилей кетүү керек. Анын 5 миң сомун директор Ч.Ч.А.га берүүгө аргасыз болушкан.

Ошондой эле мындан мурда Ч.А.А. мыйзам бузуулар үчүн жумуштан кетирем деп коркутуу менен мектептин ашпозчусунан 17 000 сом алгандыгы аныкталды.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12550