Кыргызстандыктар Россияда кандай документтерди алып жүрүшү керек?
RU

Кыргызстандыктар Россияда кандай документтерди алып жүрүшү керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россия Федерациясынын компетенттүү органдары чет элдик жарандардын өлкөдө жүрүү мыйзамдуулугун такай текшерип турарын эске салат.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, элчилик буга байланыштуу Кыргызстандын жарандарын жагымсыз жагдайларга жол бербөө үчүн Россиянын мыйзамдарын туура жана так сактоого чакырат.

Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандарына мыйзамдуу келүү жана ишке орношуу үчүн Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарында белгиленген бардык процедураларды өз убагында бүтүрүү сунушталат.

Кыргыз Республикасынын жарандары өздүгүн тастыктоочу документтерин (паспортун) жана Россияда жүрүү укугун тастыктоочу документтерин (миграциялык карта, чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын жүргөн жерине келгендиги жөнүндө маалымкаттын бланкасы) алып келүүгө тийиш.

Ишенимдүү маалыматты алуу үчүн расмий ресурстарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик түзүмдөрүнүн веб-сайттарын колдонуу зарыл деп белгилейт министрлик.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Cabar.asia.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12553