Кыргызстандык ишкерлерге Кытайдан акысыз кампа берилет
RU

Кыргызстандык ишкерлерге Кытайдан акысыз кампа берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин өрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында, Кашкар шаарынын айыл чарба, өндүрүш жана соода тармактарын кыдырды.

Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, Кашкар Эркин экономикалык аймактан Кыргызстандын ишкерлери үчүн алты айга акысыз кампа бериле турган болду. Мындай мүмкүнчүлүк кыргыз ишкерлеринин кытай базарына адаптация болгонго чейин түзүлдү.

Бакыт Төрөбаев "Дунлу" айыл чарба жана суу менен камсыз кылуу компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Күнөскана тармагында заманбап технологиянын жардамы менен иш алып барган бул компаниянын адистерин Кыргызстандагы адистерди окутууга жана иш алып барууга чакырды.

Ардар тышкары мал чарбачылыгы менен иш алып барган "Наньда" айыл чарба компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Тараптар, бул компанияда ири мүйүздүү бодо малдар багылгандыктан Кыргызстандан тоют жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карашты.

Ошондой эле акылдуу ферма моделин иштетүү боюнча эки тараптуу тажрыйба алмашуу жагы каралды.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле, электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында, ачылуу алдында турган "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кеңсесине барды. Анда Кашкар аркылуу Кытай Эл Республикасы менен түз почта алмашуу жүргүзүлөт. Кеңсе ачылгандан тыртып кыргыз ишкерлери товарларын Кытайга экспорттоосу жогорулайт.

Күндүн жыйынтыгы менен Бакыт Төрөбаев, Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусуна барып жергиликтүү кыргыздар менен жолукту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12556