Контрабандалык жүктөрдү ташыган унаалар конфискацияланды
RU

Контрабандалык жүктөрдү ташыган унаалар конфискацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан чек ара аймактарында аткезчилик жүктөрдү ташуу фактылары аныкталды. Козголгон кылмыш иштердин алкагында унаалар, аткезчилик жүктөр конфискацияланды дешет коопсуздук комитеттен.

Ар бир факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иштери козголуп, материалдар сот органдарына жөнөтүлгөн.

  • Ушул жылдын 26-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен 2022-жылдын ноябрь айында контрабандалык жүк ташып бараткан "Хундай Портер" 1 млн 248 миң сомдук дары-дармек менен кошо мамлекеттин эсебине алынган.
  • Ошондой эле 19-майда Кадамжай райондук сотунун чечими менен 599 миң сомдук күйүүчү-майлоочу май түрүндөгү контрабандалык жүк ташыган "Камаз" жүк ташуучу унаа мамлекеттин эсебине конфискацияланган.
  • Мындан тышкары буга чейин да контрабанда ишине пайдалангандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган Mercedes-Benz Actros жана Hyndai Porter боюнча материалдар Баткен облусунун сот органдарында каралып жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12561