"Ош базарда" контейнер, павильондор күйдү
RU

"Ош базарда" контейнер, павильондор күйдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ош базарда" контейнерлер жана күркөлөр күйдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жабыркагандар болгон жок.

Такталгандай, 27-майда Кулиев көчөсүндө, тактап айтканда, "Ош базарында" бири-бирине жанаша жайгашкан 2 контейнердин чатыры, жыгач устундуу калай менен жабылган 4 павильон күйдү. Мындан сырткары базардын административдик имаратынын чатырынын 30% күйүп, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам имараттын дубалы, ичи, ошондой эле жогоруда аталган 6 күркөдөгү буюмдар сакталып калды.

Маалыматка ылайык, аталган 6 күркөдө (павильон) ашкана, дүкөн, чачтарач, ветаптека жайгашкан.

Өрт саат 12:37де чектөөгө алынып, саат 12:56да өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12567