Мурманск шаарынын мурдагы вице-мэри Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды
RU

Мурманск шаарынын мурдагы вице-мэри Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада Мурманск шаарынын мурдагы вице-мэри Станислав Кондратьев жасалма айдоочулук күбөлүк жана Кыргызстандын жаранынын паспорту менен кармалды. Ал курал ташыган деп шектелип жатканын Shot Telegram каналы билдирди.

Экс-чиновниктен травматикалык тапанча, үч бычак, ок өтпөс жилет табылган. Полиция Станислав Кондратьевге курал эмне үчүн керек болгонун жана кандай максатта жасалма документтерди жасаганын аныктоонун аракетинде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12576