Дамира Ниязалиева шайлоочуларды сатып алуу ыктымалы тууралуу маалыматка комментарий берди
RU

Дамира Ниязалиева шайлоочуларды сатып алуу ыктымалы тууралуу маалыматка комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева анын үгүтчүлөрү шайлоочуларга пара берип, милиция кызматкерлери тарабынан кармалганы тууралуу Kaktus.media сайтына комментарий берди.

Ниязалиева белгилегендей, талапкерлердин бири "анын дарегине ыплас айыптоолорду камтыган маалыматты" уюштурган.

"Видеодогу жарандардын менин шайлоо штабыма эч кандай тиешеси жок экенин баса белгилегим келет. Бул өз күчүнө ишенбеген оппоненттердин ыплас провокациясы, абийирсиздик. Бул талапкердин аракетине укук коргоо органдары баа берип, мыйзамда белгиленген чараларды көрсүн", - деди ал.

Видеодогу аялдар милицияга жеткирилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ниязалиева кошумчалагандай, колдо болгон алдын ала маалымат боюнча алардан (үгүтчүлөрдөн) жеке акчалар гана табылган.

"Азырынча текшерүүнүн жыйынтыгы чыга электигине карабастан бул талапкер жалган маалымат таратып жатат. Муну добуш берүү процессине таасир этип, шайлоо жарышынын айкын лидерине кол салуу максатында жасалган провокация катары бааласа болот", - дейт талапкер.

Эске салсак, депутаттыкка талапкерлердин бири Эртай Исаков Ниязалиеванын үгүтчүлөрү тарабынан добуш сатып алуу ыктымалдыгын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12579