ИИМ: Баңгизат менен кармалган киши ырым-жырымдарды жасап, алдамчылык кылып жүргөн
RU

ИИМ: Баңгизат менен кармалган киши ырым-жырымдарды жасап, алдамчылык кылып жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте баңгизатын сатууга шектелген жаран кармалды. Андан тышкары карамалган жаран ритуалдык ырым-жырымдарды жасап, алдоо жолу менен жарандардын мүлкүн ээлеп алган дейт ИИМден.

Белгилүү болгондой, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды сатууну уюштурууга шектелген 1984-жылы туулган С.Т. кармалды. Шектүүнү кармоо жана ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда Toyota унаасынан баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, каннабис чайыры (гашиш) экендиги аныкталды.

Андан сырткары алынган маалымат боюнча, Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун тургуну С.Т. ритуалдык ырым-жырымдарды жасап, алдоо жолу менен жарандардын мүлкүн ээлеп алган. Айрым учурда коркутуп да жүргөн.

282-берене (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши боюнча шектелип жаткан жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар ички иштер органдарына кайрылса же ИИМдин Кылмыш иликтөө кызматы 0312 266261 же 0703204080 номерлери аркылуу кабарласа болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12592