Кесиптешин никелешүүгө мажбурлап, шантаж кылган жаран кармалды
RU

Кесиптешин никелешүүгө мажбурлап, шантаж кылган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунда кесиптешин шантаж кылып, турмушка чыгууга мажбурлаган жаран кармалды. Маалыматты Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Райондук милиция бөлүмүнө Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыздануучу Э.Р. аттуу бала 19-майда А.Н. деген тааныш кызынын атынан СМС билдирүү жазып, Көк-Жар айылына чакырганын, ал жактан ур-токмокко алып, тиштерин какканын айткан. Ошондой эле бычак менен коркутуп, "окуяга өзү күнөөлүүмүн, эч кимге доом жок" деп айтууга мажбурлаганын билдирген.

Бул факты 280-беренн (Бейбаштык) менен каттоого алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 1996-жылы туулган Э.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Такталгандай, шектүү жаран 2023-жылдын февраль айынан мартка чейин А.Н. аттуу кесиптешин шантаж кылып, ар кандай сунуштар менен никелешүүгө мажбурлаган. Ошондой эле кыздын алсыз абалынан пайдаланып, Көк-Жар айылында бир нече ирет жыныстык катнашка барууга аракет жасаганы аныкталган.

Мунун негизинде шектүүгө 280-берене (Бейбаштык), 174-берене (катнашка барууга мажбурлоо) жана 37-154-беренелер (зордуктоого далалат жасоо) менен айып тагылды. Аламүдүн райондук соту тарабынан шектүүгө карата СИЗОго камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы танталды. Тергөө улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12593