Азамат Байматов: Футболчунун бир айлыгына бир ботас алса болот
RU

Азамат Байматов: Футболчунун бир айлыгына бир ботас алса болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын мурунку капитаны, борбордук коргоочу Азамат Байматов Кыргызстандын курамасында, Кыргыз премьер-лигада ойногон футболчулардын айлыгы тууралуу Kaktus.kg редакциясына ой бөлүштү.

Ал төрт жыл аралыгындагы тыныгууда улуттук кураманын ар бир оюнуну көрүп, оюнчуларга анализ жасаганы тууралуу айтып берди.

- Азамат мырза, 4 жыл тыныгуу учурунда улуттук кураманын оюнун, оюнчуларды анализ кылсаңыз керек?

- Албетте, кураманын оюнун көрүп, ар дайым колдойм. Көбүнчө ошол эле оюнчу, ошол эле фамилиялар. Менин оюмча убакыт келди. Кураманы жаңылаш керек. Машыктыруучулардын штабын эле эмес, оюнчуларды дагы. Азыркы машыктыруучу жаштар дагы, тажрыйбалуулар дагы керек деп жатат. Себеби баланс болуш керек.

- КПЛде эле эмес, негизи эле кыргыз футболуна аралашып жүргөн жаш оюнчулардан кимден үмүтүңүз чоң?

- Бизде Самат уулу Темирлан деген бала бар. Быйыл "Алга" клубунда чогуу ойноп жатабыз. Ал коргоочу. Мен ошол жигитке ишенем. Ошону даярдап жатабыз. Буюрса бир-эки жылда биздин ордубузга келип калат.

- Борбордук коргоочу позициясын өзүңүз тандадыңыз беле?

- Мен негизи чабуулчу болчумун. Борбордук коргоочу болуп туруп Улуттук курама командада төрт голум бар. Канча чабуулчулардын голу жок. Менин Владимир Анатольевич деген жеке машыктыруучум бар болчу. Ошол көп нерсеге үйрөтүп, мени коргоочу кылган.

- Каражат маселеси футболдо канчалык маанилүү? Ошол эле кошуна өлкөлөр менен салыштырып көрөлүчү?

- Казакстанды убагында биз эки жолу утканбыз. Азыр алар Европада ойношот. Алар каражатты жакшы бөлүшөт. Клубдары күчтүү. Ошол эле Россия дүйнө чемпионатын өткөрөбүз деп 5-6 стадион салып койду. Казакстан Европага жакын болобу деп сапаттуу легионерлерди алып келишти. Жакшы айлык беришет. Бул жерде каражаттан көп нерсе чечилет да. Бизге канча жолу убада кылышты. Каражатыбыз болсо биз деле 4-5 стадион курмакпыз. Азыркы бар нерсеге деле шүгүр. Президент өзү футбол ойноп, көңүл бурулуп жатат. Стадион быйыл башталат деген сөздөр айтылып жатат. Эмне дебейли, баары каражатка барып такалат. Демөөрчүлөр керек.

-Каражат маселеси деп калдык, көбүнчө коомчулукта биздин КПЛде ойногондор футболду хобби катары көрүшөт, айлык алышпайт деген ой калыптанып калган. Сыр болбосо сиз "Алга" клубунда канча айлык аласыз?

- Мен өзүмдүн таба турган каражаттарымды чет мамлекеттен таап алгам. Ачык айтыш керек. Кыргызстанда ойноп футболчулар унаа же үй ала албайт. Бирок Кыргызстан жаштар үчүн чоң трамплин. Биз барыбыз долларды жакшы көрөбүз да, туурабы? Азыр тойлорго деле доллар менен барып калышкан да. Ошол үчүн бул кыргызстандык футболчуларга чоң мүмкүнчүлүк. Мен ошол жол менен өткөм. Айлык эми... 25 миң сомго футболчу бир сапаттуу ботас ала алат. Калган процедура, массаж, витаминдерине жетпейт. Ошол үчун футболчуларга жакшы контракт бериш керек. Миң доллардын тегерегинде болсо жакшы болмок деп ойлойм. Ар бир кесипке тартуу үчүн мотивация болуш керек. Көп таланттуу балдар футболдон тыйын таппайм деп карьерасын улантпай коёт. Бул туура эмес. Азыр спортто эмгектенип алса ал эселеп кайтат дейт элем.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12605