Аксыда милиция жана чек ара кызматкерлери контрабандага колдоо көрсөткөнгө айыпталууда
RU

Аксыда милиция жана чек ара кызматкерлери контрабандага колдоо көрсөткөнгө айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда мал уурулук фактылары көп катталып, коңшу өлкөгө өткөрүү аракеттери көбөйүп кеткендигине байланыштуу Аксы районунун чек ара кызматынын жана ички иштер органдарынын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгү текшерилди. Анын алкагында жоопту кызматкерлердин аткезчиликке катыштыгы бар экени такталды дешет УКМКдан.

Текшерүү иштерин УКМК менен Чек ара кызматы жүргүзүп, Аксы РИИБдин жана чек ара заставаларынын жетекчилеринин аткезчиликке катыштыгы бар экендиги тууралуу тактоочу маалыматтар алынды.

Чек ара заставалары жайгашкан жерлерде, Аксы районунун милиция кызматкерлеринин жана айрым жарандардын жашаган жеринде ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында ири суммадагы акча каражаты, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, жөнөтүүгө даярдалган эл керектөөчү товарлар жана бодо мал табылды.

Ошондой эле чек ара кызматынын атайын дрондорун колдонуу менен мүмкүн болгон контрабанда жолдорун текшерүү учурунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган учурда жалпы суммасы 1 миллион 200 миң сомдук 31 коробка тамекини ташып бара жаткан унаа кармалды.

Иликтөөнүн жыйынтыгында Аксы РИИБдин үч кызматкерине, анын ичинде башчысынын орун басары А.И., ошондой эле чек ара кызматынын заставаларынын 3 командирине аткезчиликти уюштуруу жана колдоо кылгандыгы үчүн айып тагылды.

Аксы районунун аймагында контрабанданын мындан аркы өнүгүшүнө жол бербөө жана аны чек ара соодасынын ченемдерине жана стандарттарына ылайык келтирүү максатында, чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды жана бодо малды/майда малды мыйзамдуу өткөрүү үчүн УКМК тарабынан коңшу Ала-Бука районундагы "Баймак" көзөмөл-өткөрүү пунктунун жөнөкөйлөтүлгөн ишин уюштуруу маселеси көтөрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12609