КРдеги эң ири дүкөндөр тармагынын бири спирт ичимдиктерин сатуунун убактылуу токтотту
RU

КРдеги эң ири дүкөндөр тармагынын бири спирт ичимдиктерин сатуунун убактылуу токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Фрунзе" гипермаркет түйүнү ушул жылдын 13-апрелинен тартып 15-майга чейин алкоголь сатууну токтотту. Компания берген маалыматка ылайык, бул мусулмандардын Орозо айына байланыштуу.

Белгилей кетсек, ыйык Орозо айында мусулмандарга спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынат.

Мындай көрүнүш ири дүкөндөрдүн деңгээлинде алгачкы ирет болуп жатат. Буга чейин орозо айында спирт ичимдиктерин сатууну айрым дүкөндөр гана индивидуалдуу түрдө токтотушчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1260