Ленин округундагы шайлоонун добуштары кол менен саналып бүттү
RU

Ленин округундагы шайлоонун добуштары кол менен саналып бүттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаныбек Абировдун ордуна Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда өткөн Бишкек шаарындагы Ленин округундагы шайлоонун добуштарды кол менен саналып бүттү. БШКнын маалыматына ылайык, кол санактын жыйынтыгы боюнча деле Дамира Ниязалиева биринчи орунга чыкты.

Ленин районунда катталган 124 908 шайлоочунун ичинен добушун берүүгө 17 423 гана адам катышкан. Бул жалпы катталган шайлоочулардын 14%га жетпегени.

Алардын ичинен Ниязалиева эң көп 6249 добуш алган. Экинчи орунда 2070 добуш менен Улан Сариев болсо, үчүнчүдө Эртай Искаков - 1 317. Калган талапкерлердин добушу 1000ге жеткен эмес.

Башкы сүрөт: иллюстарциялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12612