Өзбек тарап Кыргызстан менен чектешкен жердеги дубалды бузду
RU

Өзбек тарап Кыргызстан менен чектешкен жердеги дубалды бузду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасындагы дубалды өзбек тарап бузуп жаткан видео тарады. Маалым болгондой, видео Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун чек арасында тартылган.

Кыргызстандын чек ара кызматы "Бек-Абад-Ханабад" көзөмөл-өткөрүү бекетиндеги дубалды 2010-жылы өзбек тарап бир тараптуу куруп алган. Андан соң Ош облусундагы "Кара-Суу" жана "Кара-Багыш" өткөрүү пункттары да жабылган.

Бул жерлердин баары жакында ачылат. Кыргыз тарап бул пункттар аркылуу жарандардын өтүүсүн калыбына келтирүүгө толук даяр.

Белгилесек, акыркы бир нече жылдан бери эки өлкөнүн бийликтеринин ортосунда кошумча өткөрмө бекеттерди ачуу келишими талкууланып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12617