Бишкекте жерлерди ижарага берүүгө мораторий узартылды
RU

Бишкекте жерлерди ижарага берүүгө мораторий узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-майда Бишкек шаардык кеңештин сессиясында ар кандай багыттагы жерлерди ижарага берүүгө мораторий дагы 5 жылга узартылды.

Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарында жеңил конструкцияларлар менен курулган объектилерди жайгаштыруу эрежелеринин долбоорун иштеп чыгууда, ал бекитилгенден кийин мораторий киргизүүнүн зарылдыгы болбойт.

"Бирок учурда мораторийдин мөөнөтү бүттү, анын мөөнөтүн узартуу зарыл. Анткени ал алып салынса, көчөлөрдө тыгын пайда болуп, ар кандай объектилердин туш келди орнотулушу, азыркы токтомдо көрсөтүлгөн Бишкектин негизги көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүнүн архитектуралык курулуштун начарлашына алып келет", - деп түшүндүрүштү муниципалитеттен.

Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров мораторийден баш тартуу керектигин, мэрия коркпой, жоопкерчиликти алышы керек деп эсептейт.

"2009-жылы мэрия жоопкерчиликтен коркуп, мораторий киргизген. Бул мораторий менен биз экономикага, бизнеске тоскоол болуп жатабыз. Керек болсо Жер кодексине өзгөртүү киргизүү керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12630