Бактылуу баланы кантип тарбиялоо керек? Биринчи айымдын кеп-кеңеши
RU

Бактылуу баланы кантип тарбиялоо керек? Биринчи айымдын кеп-кеңеши

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи айымы Айгүл Жапарова 30-майда Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата ата-энелер жана балдарга арналган "Алтын Казык" интерактивдүү фестивалына катышты. Маалымат Жапарованын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Биринчи айым бардык балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктаа, бул иш-чаранын мааниси чоң экенин белгиледи.

"Бала мээримдүү жана камкор үй-бүлөдө чоңойсо, ал өмүр бою бактылуу болот. Үй-бүлөдөн башка эч ким балага келечекте таяна турган туура жашоо баалуулуктарын үйрөтө албайт. Балдар өздөрүн коопсуз сезгенде, сүйүүнү жана камкордукту сезгенде толук өнүгөт. Мээримдүү үй-бүлө - баланын туура жана дени сак өнүгүүсүнүн ачкычы", - деди ал.

Айгүл Жапарова ата-энелерди балдарга туура адаттарды, туура тамактанууну үйрөтүүгө жана гаджеттерге көп көңүл бурбоого чакырды.

Ошондой эле биринчи айым ата-энелер менен балдардын ортосундагы баарлашуунун маанилүүлүгүн, алар менен ар кандай кызыктуу жана өнүктүрүүчү оюндарды ойноонун зарылдыгын белгиледи.

Фестивалдын максаты - улуттук баалуулуктарды эске алуу менен акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдалануу аркылуу кичине курактагы балдардын өнүгүүсү тууралуу ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12659