Ниязалиеванын үгүтчүлөрү эмгек акыларын ала албай жатканын айтышты
RU

Ниязалиеванын үгүтчүлөрү эмгек акыларын ала албай жатканын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлоо өнөктүгүндө депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиевага иштеген 30 үгүтчү убада кылынган сый акыларын алышпай жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына үгүтчүлөрдүн бири Аида Ажиева билдирди.

Айтымында, алар шайлоо башталар алдында штабдын өкүлдөрү менен жолугуп, 15 миң сом айлык акы жана 2 миң сом кошумча сый акы алуу боюнча макулдашышкан.

"Шайлоого эки күн калганда бизге 1000 сом сыйлык берилерин айтышкан. 500 сомдон да сыйлык бар болчу. Шайлоодон кийин бизге ал убада кылынган акчаларды беребиз дешкен. Азыр ким менен байланышарыбызды билбей жатабыз", - деди Ажиева.

Акчасын ала элек жалпысынан 30 адам бар. Алар үгүтчүлөрбүз деп расмий документтерге кол коюшкан, бирок штабдан документтерди колудоруна беришкен эмес.

"Бизге аларды сүрөткө тартканга да уруксат беришкен жок, дароо алып кетишти. Штабда Таалай атту үгүтчүлөрдүн башчысы бар, ага да арыздандык. Улук үгүтчүлөр да жооп беришпейт. Бирөөсү мектепте мугалим болуп иштейт. Биз болгону эмгегибиздин акысын алгыбыз келет", - деди Ажиева.

Ал кошумчалагандай, талапкер Ниязалиева үгүтчүлөр менен Фучик сейил багында жана Ак-Ордо конушунда жолугушкан.

Талапкер өзү Kaktus.media сайтынын телефон чалуусуна жооп берген жок. Ниязалиева же анын штабы бул маселе боюнча комментарий берүүнү кааласа, төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот:

[email protected]:

+996 312 66 20 75

+996 700 62 07 60.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12664