Кикбоксинг боюнча спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңишти
RU

Кикбоксинг боюнча спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-11-апрель күндөрү Анталия шаарында (Түркия) өткөн "Turkish Open Kickboxing European Cup" 6 эл аралык мелдеште Кыргызстандын кикбоксинг боюнча спортчулары 4 медаль (3 алтын, 1 коло) жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады.

Мелдештин алтын медалын Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг), Дүйнө Кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жана юниорлор арасында 51 кг чейинки салмактык категорияда Марат Мусаев ээ болду. Ал эми коло байгенин ээси болуп Ахрор Розбаев таанылды.

Белгилей кетсек, мелдешке 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1267