"Айыл Банк" жеке, финансы секторлорун колдоого алууда лидер болуп саналат
RU

"Айыл Банк" жеке, финансы секторлорун колдоого алууда лидер болуп саналат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
"Жеке жана финансы секторун дароо колдоого алуу" долбоорунда, пайызсыз негизде кредиттерди сунуштоо жолу менен майда, чакан жана орто ишкерлерге кайтарылуучу алынуучу финансылык жардамды (КФП) сунуштоо шарты каралган. Долбоор – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана "Айыл Банк" ААКсы катарына кирген өлкөнүн 12 коммерциялык банкы менен биргеликте Дүйнөлүк банк (2021-жылдан тартып) жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы (АИИБ, 2022-жылдын 19-сентябрынан тартып) эл аралык донорлордун колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

Төмөндө долбоор боюнча бүтүндөй берилген суммалар жана "Айыл Банк" ААКысы тарабынан берилген суммалар чагылдырылган:

Банктын аталышы Бардыгы болуп өздөштүрүлгөнүБерилген КФП саны (1- категория)Берилген КФП саны (2- категория)Берилген КФПнын жалпы саны КПФнын берилген суммаларынан салыштырма салмагы Берилген (саны) КПФдан салыштырма салмак (%)
(сом)
Айыл Банк13423845392 348562 40438,62%39,01%
Калган 11 коммерциялык банк 2 133 474 2793 134624375861,38%60,99%
Жыйынтыгында, долбоор боюнча 34758588185 4826806 162100%100%

Жогорудагы таблицада көрүнүп тургандай, аталган долбоордун алкагында өлкөнүн 6162 майда, чакан жана орто ишкерлерге 3,48 млрд сом берилген, анын ичинде 2 404 ишкерге 1,34 млрд сом "Айыл Банк" аркылуу сунушталган. Демек, жалпы берилген сумманын ичинен "Айыл Банктын" салыштырма салмагы 38,62 пайыздан көбүрөк, саны боюнча 39,01 пайызды түзгөн.

2023-жылдын 26-майына карата донорлор боюнча берилген КПФ:

Тилкелердин аталышы Алынганы Өздөштүрүлгөн КПФСаны Калдык, сумма
Дүйнөлүк банк каражаттары (1- категория)1 241 416 5391 243 597 539,372 348-2 181 000
АИИБ каражаттары (2- категория)121 950 00098 787 000,005623 163 000
Жалпы жыйынтык 1 363 366 5391 342 384 539,372 40420 982 000

2-таблицада көрүнүп тургандай, Дүйнөлүк банктан алынган 1 241 416 539 сом суммасындагы каражаттар толугу менен өздөштүрүлгөн. 2023-жылдын март айынан тартып Дүйнөлүк банк каржылоону токтоткондугуна байланыштуу банк тарабынан банктын өздүк каражатынан 2 181 000 сом берилген.

Бул жерде "Айыл Банктын" эсебинен берилген 2 181 000 сом суммасындагы КПФ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кайтарылып бериле электигин жана 2023-жылдын 1-чейрегинде айкын берилген каражат суммасынан 3% өлчөмүндө агенттик кызмат көрсөтүү үчүн сый акы да төлөнө электигин белгилеп кетүү зарыл.

АИИБнын каражаттарынын эсебинен 2-категория боюнча 2023-жылдын май-июнь айларында төлөп берүү үчүн акыркы ирет 2023-жылдын 23-майында банк тарабынан 20 млн сом алынган. Учурда алынган каражат өздөштүрүлүп жатат.

2023-жылдын 26-майына карата областтар боюнча КПФнын берилиши:

Облустар КПФ суммасы КПФ саны КПФ суммасы, %КПФ саны, %
Бишкек шаары83 788 0001156,24%4,78%
Чүй облусу152 253 93925211,34%10,48%
Ысык-Көл облусу161 285 60027512,01%11,44%
Ош облусу213 880 00043615,93%18,14%
Жалал-Абад облусу275 530 00048020,53%19,97%
Талас облусу84 220 0001126,27%4,66%
Нарын облусу173 617 00041812,93%17,39%
Баткен облусу197 810 00031614,74%13,14%
Жалпы жыйынтык 1 342 384 5392 404100%100%

Облустар боюнча алынган көрсөткүчтөргө ылайык, 2023-жылдын 26-майына карата берилген сумма боюнча эң чоң салыштырма айырма Жалал-Абад облусу (20,53%), андан ары Ош облусу (15,19%) жана Баткен (14,74%) облусу ээлейт.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Жанар Акаев ишкерлердин "Жеке жана финансы секторун дароо колдоо" долбоору боюнча пайызсыз кредиттерди алуусуна Кыргызстандын банктары тоскоолдук жаратып жатканын билдирген. Ушундан улам "Айыл Банк" ААКысы ишти долбоордун алкагында жүзөгө ашырып жаткандыгын жана финансылык жардам алууга эч кандай тоскоолдук жоктугун билдирет. Пайызсыз ссуда алуу үчүн талап кылынган документтер топтомун кароого сунуштоо гана жетиштүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12685