"Актриса болууну кыялданчумун". Самара Каримова өзбек сериалына тартылат
RU

"Актриса болууну кыялданчумун". Самара Каримова өзбек сериалына тартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Самара Каримова "Кадырхан" аттуу өзбек сериалына тартылат. Бул тууралуу ал Super.kg'ге интервью берип жатып айткан.

"Чоңойгондо ырчы, актриса, диктор болом, башка мамлекеттерге да таанылам дечүмүн. Тилектерим орундалып келатат. 2019-жылы Өзбекстанда концерт бергем. Ошондо Нусрат Абдурасулов мен көргөн экен. "Ак шооланын" саундтрегин да көрүшүптүр. Тасмага тартылууга чакырганда толкундандым, анткени ал Өзбекстандын кино тармагында орду бар киши", - деп Каримова айтып берген.

Кичине кезинде өзбек кинолорун көрүп чоңойгонун белгиледи.

"Өзбекстанда тез иштешет экен. Бир жакта тартуу иштери болуп жатса, анын жанында эле монтаж болуп, дагы бир жагынан үн жаздырыла берет экен. Мурда тасмалар чет өлкөдө ушундай тартылат дегенди угуп таң калчумун. Бизде да буюрса ушундай шарттар болот", - деп ырчы кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1268