Жалпы колдонуудагы жолдордо жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди
RU

Жалпы колдонуудагы жолдордо жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жайкы мезгилде жалпы пайдалануудагы жолдордо жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын күндүзгү температурасы 28°С жана андан жогору болгон учурда максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат. Мындай чектөөлөр жолдун катмарын сактап калуу үчүн киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, мындай чектөөлөр 2021-жылдан баштап жай айларында киргизилет.

  • Чектөө төмөнкү унааларга жайылтылбайт:
  • жүргүнчүлөрдү ташуу;
  • гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн ташууларды жүргүзүү;
  • тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташуу;
  • габариттүү жана оор жүктөрдү атайын берилген уруксаттын негизинде ташуу;
  • жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, реабилитациялоого жана күтүүгө Транспорт министрлиги тарабынан тартылган жол органдары жана подряддык уюмдар.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12704