Бишкекте үй тибиндеги эки жаңы бала бакча ишке кирди
RU

Бишкекте үй тибиндеги эки жаңы бала бакча ишке кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-июнда Бишкектин Биринчи Май районунда үй тибиндеги эки бала бакча ачылды. Жибек Жолу проспекти менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде NurKiDs аталышындагы жана дагы бир үй тибиндеги бала бакча – Ак-Босого конушунда ачылды деп билдирди Билим берүү министрлиги.

Иш-чарага Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Асел Чынбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева катышты.

NurKiDs үй тибиндеги бала бакчаны жеке ишкер Жанат Сүйүнбекова ачты. Бала бакча жеке имаратта жайгашкан, анда бардык тиешелүү шарттар түзүлгөн, 25 баланы кабыл алууга болот.

Белгилей кетсек, үй тибиндеги бала бакчаларды түзүү долбоору Бишкек шаарындагы Ак-Босого, Ала-Тоо, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында ишке ашырылууда. Кыска мөөнөттүү курстарды аяктаган жана жеке ишкер катары катталган жарандар турак жайга үй тибиндеги бала бакча ачууга мүмкүнчүлүк алышат.

Эске салсак, учурда Министрлер кабинети үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга көмөктөшүү максатында иштелип чыккан "Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке ашырууда. Долбоор Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи Май райондорунун конуштарында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Кошумчалай кетсек, бала бакчаларды лицензиясыз ачууга уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкууга коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12706