Колдонулган жана жокко чыгарылган номерлер сатылат
RU

Колдонулган жана жокко чыгарылган номерлер сатылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номурларды сатуу боюнча аукцион өткөрөт. Аукционго жалпы салмагы 143 280 кг.металл сыныктар (алюминий) коюлат. Бул тууралуу Калкты каттоо кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Товардын баштапкы баасы өзү алып кетүү шарты менен 1 кг. 65 сомду түзөт. Аукцион жарыяланган 2021-жылдын 4-мартынан бери аукционго катышуу үчүн 2 юридикалык жактардан арыз келип түшкөн.

Аукцион 14-апрелде саат 11.00дө Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү 2Б дарегинде өтөт. Колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номурларды сатуу боюнча аукцион биринчи жолу өткөрүлөт. Аукциондон түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1270