Сузакта чиновниктер менен "Кадастрдын" адиси жер махинациясына шектелип, СИЗОго камалды
RU

Сузакта чиновниктер менен "Кадастрдын" адиси жер махинациясына шектелип, СИЗОго камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн учурдагы жетекчилиги кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, жергиликтүү чиновниктерге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча иш козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Т.Ж. жана анын орун басары А.А.А., ошондой эле "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Б.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган кызмат адамдары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө.

Тактап айтканда, Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына кезексиз жана акысыз берилүүгө тийиш болгон бир катар жер тилкелери, ошондой эле айыл чарба багытындагы жер тилкелери жогорудагы кызмат адамдарынын кылмыштуу схемасыны менен кызыкдар жактарга акчалай сыйлык үчүн жасалма токтомдорду чыгаруу жолу менен сатылып кеткен. Андан кийин "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сузак бөлүмүнүн жооптуу адамдары Ырыс а/а кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, жерге жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды түзүшкөн.

Жооптуу кызматкерлер акыркы 10 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланып, стратегиялык жана республикалык маанидеги Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда, ошондой эле ички жолдор менен магистралдык көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан ири ишкерликти жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ жерлерди мыйзамсыз өздөштүрүшкөн.

Кызмат адамдарынын жашаган жана иштеген жеринде жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын кылмыштуу аракеттеринин фактысын тастыктаган материалдар табылды.

Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды жоопко тартуу максатында жер алдамчылыгынын бир нече фактыларын документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12714