ЖКда кабыл алынган тил жөнүндө мыйзамга Россиянын тышкы иштер министрлиги реакция жасады
RU

ЖКда кабыл алынган тил жөнүндө мыйзамга Россиянын тышкы иштер министрлиги реакция жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Жогорку Кеңеште кабыл алынган мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбооруна комментарий берди.

Анын айтымында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам долбоору 2021-жылы талкууга коюлганда анын түп нускасы кыргыз коомчулугунда, анын ичинде республиканын орус тилдүү калкынын арасында сын-пикирлер менен коштолгон.

"Андан кийин документ толукталып, анда мурда жок болгон жоболор камтылган, мисалы бардык этносторго эне тилин сактоо жана өнүктүрүү боюнча кепилдик каралган. Ошол эле учурда мыйзам долбоорунда мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбоо тууралуу норма киргизилген эмес.

Учурдагы мыйзам республикадагы кыргыз тилин билбеген жарандарга белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратууга алып келет. Биз мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештердин укуктарынын абалына жагымсыз таасирин тийгизиши мүмкүн экендигине кыргызстандык кесиптештерибиздин көңүлүн бир нече жолу бурганбыз.

Өнөктөштөр мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгарууну көздөбөйт деп ишендиришкен. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жетекчилиги союздук мамилелерибиздин духунда кыргыз тилин өнүктүрүүгө да, конституциялык статуска ээ болгон орус тилин колдоого жана жайылтууга да багытталган тең салмактуу тил саясатын жүргүзөт деп күтөбүз. Кыргызстандагы расмий тил жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кең мейкиндигинде этностор аралык баарлашуунун тили болуп саналат", - деп жазылат Россиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында.

Эске салсак, мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик тили – кыргыз тили. Мамлекеттик тил – республикадагы улуттар аралык катнаштын тили, Кыргыз Республикасындагы бардык этносторду бириктирип, алардын өз ара түшүнүшүүсүн жана байланышын чыңдоого салым кошот.

Мамлекеттик тилди колдонуу милдети Кыргыз Республикасындагы этностордун эне тилин колдонуу укугун тануу же кемсинтүү катары чечмеленбеши керектиги белгиленген.

Кыргызстанда орус тили расмий тил катары колдонулат. Кыргыз Республикасы өз аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин колдонуу принцибин карманат жана бул тилдердин өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өз эне тилин сактоо, үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу.

Мыйзам долбооруна 69 депутат "макул" болуп, бир дагы депутат каршы добуш берге жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12717