Баткен облусунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 80 га жер тилкеси кайтарылды
RU

Баткен облусунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 80 га жер тилкеси кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Прокурордук текшерүү учурунда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагынан 80 га жайыт жердин жеке тараптарга турак жай куруу үчүн менчикке берилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз бөлүмү маалымдады.

Белгилеп кетүүчү жагдай, жогорудагы айыл өкмөтү тарабынан жайыт жер 615 тилкеге бөлүнүп, алардын көпчүлүгүнө жарандар тарабынан жерге карата менчик тууралуу мамлекеттик актылар дагы алынып калган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан айыл өкмөттүн чечимдерин жана жеке менчик тууралуу укук таануучу документтерди жокко чыгаруу боюнча Баткен облустук

административдик сотуна доо арыздар киргизилди.

Ошондой эле, жогорудагы факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүүдө, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1271