Чүйдө ымыркайын акча, iPhone жана авиабилетке сатмакчы болгон келин аныкталды
RU

Чүйдө ымыркайын акча, iPhone жана авиабилетке сатмакчы болгон келин аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу фактысы катталды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, келин төрөй электе эле ымыркайын баалап койгон.

Ысык-Ата РИИБине 1998-жылы туулган С.З. жаңы төрөлгөн баласын сатууга ниеттенип жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты каттоого алынып, 167-беренеде (Балдарды сатуу) каралган кылмыштын белгилеринин негизинде иш козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жаңы төрөлгөн баланы сатуу боюнча кылмыш аныкталды. Анда 2023-жылдын апрель айында С.З. аттуу келин курсактагы баласына 8 ай болгондо эле 1996-жылы туулган Б.Ф`га баланы 100 000 сомго, iPhone 12 Pro телефонуна жана Россияга авиа билетке сатмакчы болгон. Ошондой эле бала төрөлгөнгө чейин аны багууга макулдашкан.

Ал эми баланы багып алмакчы болгон Б.Ф. Ысык-Ата райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкери менен кылмыштуу бүтүмгө барып, кош бойлуулук боюнча жасалма китепче түзүшкөн. 20-майда С.З. аттуу келин (Б.Ф.нын жеке маалыматтарын колдонуу менен) Ысык-Ата райондук жалпы дарыгердик практика борборунда кыз төрөгөн.

Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан балдарды сатууга байланышкан кылмыштуу бүтүмгө бөгөт коюлуп, С.З., Б.Ф. жана А.М. кармалып, тергөө үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Мындан тышкары көз жарган келинден iPhone 12 Pro телефону алынып, кылмыш ишинин материалдарына тиркелген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш ишинин бардык катышуучуларынын аракеттерине юридикалык баа берилип, тиешелүү айыптар тагылган.

Учурда кылмыш ишин маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүү маселеси каралууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12729