Мэр Абдыкадыров жеке мончолордун бассейндерин жабууну тапшырды
RU

Мэр Абдыкадыров жеке мончолордун бассейндерин жабууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров жеке мончолордун бассейндерин жабууну Ленин районунун жашоочулары менен жолугушуусунда тапшырды.

Маалым болгондой, мындай чаралар конуштарда ичүүчү суунун жетишсиз жана аз болуп жаткандыгынан улам киргизилүүдө.

"Жеке мончолор бассейндерди крандагы суу менен толтурушат. Мен коммерциялык мончолордун бассейндерин жабуу боюнча тапшырма бердим. Анткени калк үчүн ичүүчү суу тартыш болуп жатат. Дарыяларда суунун көлөмү аз. Бак-дарактарды, газондорду сугарууга суу жетишсиз болуп жатат", - деди ал.

Эмилбек Абдыкадыров жаңы конуштарда суу менен камсыз кылуу маселеси акырындык менен чечилерин убадалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12733