16-июндан баштап Бишкектен Балыкчыга поезд жүрө баштайт
RU

16-июндан баштап Бишкектен Балыкчыга поезд жүрө баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки жумадан кийин, тагыраагы,16-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташуучу "Бишкек-2 - Балыкчы" поезди жүрө баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 16-июндан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө № 608/609 "Бишкек-2 – Балыкчы" багытындагы жүргүнчү поезди каттай баштайт.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздак, ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар.

Бул вагонго билетти алдын ала 12-июндан баштап сатып алууга болот.

"Бишкек-2 – Балыкчы" поезди Бишкектин Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан "Бишкек-2" станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан "Балыкчы" станциясына саат 11:42де жетет.

"Балыкчы – Бишкек-2" поезди "Балыкчы" станциясынан саат 17:48де жөнөп, "Бишкек-2" станциясына 21:50дө келет", - деп айтылат маалыматта.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылсаңыздар болот:

-мобилдик тел.: 0705 076696

-стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12734