Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште алтын утту
RU

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште алтын утту

Все самое интересное в Telegram

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеште балбан Айпери Медет кызы 76 кг салмак ченинде алтын байгени жеңди.

Айпери Медет кызы бүгүн, 2-июнда мелдештин экинчи күнүндө таймашка чыгып, беттешти квалификациялык айлампадан баштаган.

Медет кызы алгач казакстандык балбанды, андан кийин украиналык спортчуну жеңип алган.

Ал эми финалда кытайлык балбан кызды 5:3 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш 1-4-июнь күндөрү "Бишкек-Арена" муз аянтчасында болуп жатат. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык спортчу катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12740