Анкара-Бишкек каттамындагы алгачкы учак "Манас" аэропортунда келип конду
RU

Анкара-Бишкек каттамындагы алгачкы учак "Манас" аэропортунда келип конду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропортуна Анкарадан биринчи каттам менен учак келип конду. Аэропорттун басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдиргендей, Анкара – Бишкек – Анкара каттамы боюнча "AnadoluJet" авиакомпаниясынын (Түрк аба жолдорунун филиалы) биринчи кезектеги рейси келди. Эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.

Салтанаттуу ачылышта "Манас" эл аралык аба майданынын аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев белгилегендей, бүгүн компания үчүн абдан маанилүү күн, анткени "МАМ" ААКтын тарыхында биринчи жолу эки түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн борборлору ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдары ачылды.

"Түз авиакаттамдардын ачылышы менен элибиздин ортосундагы мамиле дагы бекемделет деп ишенем. Бул дагы Кыргызстандын туризминин жана экономикасынын өнүгүшүнө салым кошот", - деди ал.

Түрк аба жолдорунун Бишкектеги башкы директору Шафак Күчүкчолак белгилегендей, жумасына төрт каттамдын ачылышы башталышы гана. Август айынан баштап Бишкектен Анкарага күн сайын каттамдар аткарыла баштайт.

Иш-чарага "МАМ" ААКнын жетекчилиги, Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, AnadoluJet авиакомпаниясынын башкы директорунун орун басары Мажит Бояр, "Манас" университетинин ректору Алпарслан Жейлан жана башкалар катышты.

Учуунун узактыгы 4 саат 30 мүнөттү түзөт.

Анкарага каттамдар жумасына төрт жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. 2023-жылдын августунан тарта каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12751