Кара-Балтадагы механикалык оңдоо заводунун аймагында жарылуу болду. Кампа күйүп кетти
RU

Кара-Балтадагы механикалык оңдоо заводунун аймагында жарылуу болду. Кампа күйүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балтадагы механикалык оңдоо заводунун аймагында жарылуу болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жардыруу кечки саат 22:00 чамасында болгон. Өрттүн булагы селитра жана аммиак сакталган кампа. Бул кампа "Голден Магнат" ЖЧКсына тиешелүү.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар абадан химиялык заттар жыттанып жатканын белгилешүүдө. Окуя болгон жерде үч өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат.

"Вести.Кара-Балта" гезити аталган райондун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Эркин Мүсүралиевге таянып, учурда өрт өчүрүлүп, абал туруктуу экенин билдирди.

Ал ошондой эле болжолдуу өрт жумушчулардын кийим алмаштыруучу жайынан чыкканын айтты.

"Өрт селитра жана каустикалык сода сакталган кампага жайылган", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12752