Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн жаңы пансионат ачылды
RU

Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн жаңы пансионат ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 4-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионатынын ачылышына катышты.

Пансионат Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында жайгашкан дейт президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Былтыр мамлекет башчынын тапшырмасы менен каралбай калган мурдагы "Дельфин+" пансионатынын аймагы бөлүнүп, 2022-жылдын декабрынан тарта капиталдык курулуш жана объектти кайра куруу иштери жүргүзүлгөн.

Пансионатта заманбап ыңгайлуу корпустар, коттедждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл, пансионаттын жашыл аймагы курулган, анда балдар ойноочу аянтчалар да бар.

Чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан, анын ичинде алыскы райондордон келип, үй-бүлөлөрү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат.

Эгемендүүлүк жылдарында Ысык-Көлдө биринчи жолу чек арачылар үчүн ведомстволук пансионат ачылгандыгын белгилей кетүү маанилүү.

Келечекте бул жерде эс алуучу чек арачылардын санын көбөйтүү үчүн кошумча корпустарды куруу пландаштырылууда.

"Бул ардактуу кесип ээлерине жогорку кесипкөйлүк, мыкты даярдык, бекем эрк гана талап кылынбастан, мекенчилдик сезим, бийик адамгерчилик, ар-намыска бек туруу, тайманбас жүрөк дагы талап кылынат. Мындай асыл сапаттарды алып жүргөн чек ара аскерлерибиз Ата Мекенге кынтыксыз кызмат кылуунун кепилдиги болушат. Дал ушундай көкжал, тоо жүрөк чек арачыларыбыздын буга чейинки куралдуу кагылышуулардагы, контрабандисттерге бөгөт коюудагы, террорчу-сепаратисттик топторду жок кылуудагы көрсөткөн эрдиктери, каармандыктары калк арасына жайылып, эл оозунан түшпөй келет. Ата Журттун бүтүндүгү, чек арабыздын бекемдиги, эл-журтубуздун бейпилдиги үчүн жан аябай кылган кызматыңар Айкөл Манас атабыздын урпактары экениңерди далилдеп турат", - деди президент.

Садыр Жапаров жаш чек арачылардын артында туруп, мол тажрыйбалары менен бөлүшүп, акыл-насаатын айтып келе жаткан ардагерлерге да өзгөчө ыраазылык билдирди. Мамлекеттик чек араны бекем кайтаруу – өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоодогу эң негизги приоритеттүү багыт.

"Кыргызстаныбыздын эгемендигин, бүтүндүгүн, сырткы жана ички коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жан аябай кызмат өтөп жаткандар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү иштери мындан ары да улантылат", - деп баса белгилеп өттү.

Президент Садыр Жапаров пансионатта түзүлгөн жашоо шарттары менен таанышып, корпустарды жана эс алуу зоналарын карап чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12761