Ноокат районунда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды
RU

Ноокат районунда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокат районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык айыл чарба жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

"Аталган факты боюнча Ош облусунун Ноокат райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.

2023-жылдын 2-июнунда УКМК кызматкерлери тарабынан 345-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (пара берүү) менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокат районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Н.М. жана жетектөөчү адис К.у.К. УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда кармалышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Кармалгандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12765