Кыргызстанга туристтик максатта келген россиялыктардын саны дагы да көбөйүүдө
RU

Кыргызстанга туристтик максатта келген россиялыктардын саны дагы да көбөйүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын январь-апрель айларында россиялыктар Кыргызстанга 64,3 миң туристтик сапар жасашкан. Бул тууралуу Росстаттын маалыматында айтылат.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Россиядан Кыргызстанга келген туристтик сапарлардын саны 58,3%га өскөн. Жалпысынан Россия Федерациясынан бардык өлкөлөргө туристтик сапарлардын саны 32,9%га же төрт жарым млн эсеге чейин өстү.

"Туристтик сапарлардын жалпы санынын 78,1% алыскы чет өлкөлөргө жана 21,9% КМШга мүчө-мамлекеттерге жасалган", - деп белгиледи Росстат.

Эске салсак, 2022-жылы Россиянын ФСБсынын маалыматы боюнча Кыргызстанга Россиянын 446 574 жараны кирген, 69 миң россиялык туристтик максатта келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12779