Милицияга кишен салып, убактылуу кармоочу жайдан качкан шектүү тууралуу эмнелер белгилүү?
RU

Милицияга кишен салып, убактылуу кармоочу жайдан качкан шектүү тууралуу эмнелер белгилүү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен шектүү боюнча ИИМ толук маалымат берди. Маалым болгондой, качып кеткен жаран оор кылмыштарга шектелүүдө.

Шектүү тууралуу

  • Балыкчы шаарынын тургуну - 1994-жылы туулган Сабыров Кушубек Талантбекович.
  • Аталган жаран 165-берене (Адамды уурдоо), 207-берене (Каракчылык), 169-берене (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-берене (Адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун кароосуна 2023-жылдын 30-май күнү өткөн.
  • Улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон.

Кантип качкан?

5-июнга караган түнү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качкан. Ал "ден-соолугум жакшы болбой жатат" деп нөөмөт өтөп жаткан нөөмөткер милициянын сержанты Ж.Т.га кайрылып, жардам сураган. Сержант убактылуу кармоочу жайдын №2 камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген маалда К.Сабыров жүрөгү ооруганын айтып берип, дары-дармек берүүнү өтүнгөн. Кызматкер нөөмөт бөлүмгө барып дары алып келген. Ошол маалда К.Сабыров милиционердин өмүрүнө коркунуч келтирүү менен бычакты мойнуна такап, жерге жаткырып колуна темир кишен салып, бутун матрацтын айрындысы менен байлап жана оозуна чүпүрөк салып, убактылуу кармоочу жайдын кире бериш ачкычын алып, убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен.

Окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, темир кишен (наручник), андан тышкары убактылуу кармоочу жайдын сыртындагы батыш тарабынан уюлдук телефон табылган.

Көрүлүп жаткан чаралар

Аталган окуя боюнча тийиштүү багыттамалар берилип, Мамлекеттик чек ара кызматына Сабыров Кушубек Талантбековичке мамлекеттик чек араны өтүү аракетине бөгөт коюу максатында кароол баракчасы коюлган. Андан тышкары Чүй облусунун аймагында шектүүнү кармоо боюнча бир канча пландар киргизилип, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Аталган факт боюнча Ысык-Ата РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 368-берененин (Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдыры жүргүзүлүүдө.

Изделип жаткан жаранды көргөн, билгендер болсо жакынкы арадагы милиция бөлүмүнө же 102 номерине кабар берүүнү милиция кызматкерлери өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12783