Эл аралык сынакта кыргызстандык окуучулар алтын, күмүш жана коло медаль алышты
RU

Эл аралык сынакта кыргызстандык окуучулар алтын, күмүш жана коло медаль алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.

Олимпиада 29-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстандан 72 окуучу катышкан.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча төмөндөгү окуучулар медаль утушкан:

1. Корнияш Фёдор, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;

2. Акенеев Тимур, "Газпром Кыргызстан" мектеби – күмүш медаль;

3. Мусаходжаев Султан, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12785