Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Алты адам каза болду
RU

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Алты адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-июнда саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында жол кырсыгы катталды. Анда Mercedes-Benz менен Toyota Alphard сүзүшкөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрт адам кырсык болгон жерде, дагы экөө ооруканага баратканда каза болгон. Сегиз адам Жайыл аймактык ооруканасына жеткирилген. Эки унаада 14 адам болгон, анын ичинен төртөө 10 жашка чейинки балдар.

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы каза болгондордун жана жабыркагандардын санын атай элек, эки унаанын тең сыйымдуулугу 11 адам экенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12789