"Жакшыны да айта билели". Жанар Акаев Текебаевди актап чыккан бийликти мактады
RU

"Жакшыны да айта билели". Жанар Акаев Текебаевди актап чыккан бийликти мактады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жанар Акаев "Жалган жалаа менен соттолгон саясий ишмерлердин азыркы бийликтин тушунда акталып жатышы алкоого татыйт", - деп өзүнүн Facebook баракчасына комментарий жарыялады.

Ал учурдагы бийликтин тушунда бир катар саясатчылар эркиндикке бошотулганын айтып, жакшыны жакшы деп кубаттап турганга эмне жетсин, деп жазган.

"Бийлик эл турмушун тез арада оңдоп жибере албашын түшүнөбүз, бирок адилеттүүлүктү камсыздап берсе, баарыбыз ыраазы болобуз, кубаттайбыз! Текебаев менен Чотонов ак жеринен камалган, муну ошол учурунда эле айтып чыкканбыз. Чет элдик бир шылуунга таянып, өз уулдарыбызды негизсиз азапка салышты", - деп Акаев жазган.

Депутат мындан мурун Аида Салянова, Курсан Асанов бошотулганын айтып, аларга да кылмыш иши негизсиз козголгон, деген пикирин билдирди. Акаев эми активист Тилекматты да чыгарат деп ишенип жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1278