"Бийликти күч менен басып алууга аракет". УКМК уюшкан топту кармады. Алар кимдер?
RU

"Бийликти күч менен басып алууга аракет". УКМК уюшкан топту кармады. Алар кимдер?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандыктарды пландаган адамдар" кармалганын билдирди. 5-июндагы атайын операция убагында отуздан ашык адам кармалып, негизги уюштуруучусу катары "Элдик Кеңеш" саясий партиясынын төрагасы менен анын негизги шериктери күнөөсүн мойнуна алышканы айтылды.

УКМК бул массалык кармоолор боюнча расмий билдирүүнү 6-июнда гана таратты.

"УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, андан кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду",-деп айтылат билдирүүдө.

Топтолгон маалыматтардын жана аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп, кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү белгилүү болгон.

УКМК оор кылмышка шектүү топтогу негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист жана "Элдик Кеңеш" саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. аныкталды деп билдирди.

Ачык булактагы расмий маалыматтарга караганда, "Элдик кеңеш" саясий партиясынын жетекчиси Роза Нурматова. УКМК анын жетекчилиги астында бийликти күч менен кулатууга тымызын даярдык көрүү боюнча жашыруун жыйындар өткөрүлүп келген деп айтууда.

"Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн",- деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттар келери күтүлүп жаткан.

Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашырууну көздөшкөн.

"2023-жылдын 5-июнунда УКМКга 30дан ашык катышуучу алып келинди, анын ичинен Н.Р.С. жана анын негизги шериктери И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А. күнөөсүн моюнга алышкан".

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12792